Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 331

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду.

Эскерте кетсек, 22-сентябрда Президент Келечек саммитинин ишине катышат, анын алкагында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынат.

24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу болот.

Кабар