-Чолпонбек мырза, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупционерлерди абакка отургузуп, алардын жакындарына мамкызматтарда иштөөгө тыюу салчу мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Сиздин оюңузча, мындай мыйзам керекпи?
-Бул боюнча мыйзамдын демилгеленип даярдалып жатканы жакшы көрүнүш. Саясий чечим саясий бекем эрк менен кылынып жаткан иштер укуктук жактан таризделгени маанилүү. Тээ эгемендик алгандан бери бизде коррупция чайлап-коолап өнүгүп отуруп, керек болсо мамлекеттик институттар менен коюн колтук алышып кеткен. Кай бир учурда тирешип да калган. Мамлекет деген денеден бул каргашалуу шишикти тазалоодо Камчыбек Ташиев эрдикке тете иш кылып жатат. Борбордук Азияда коррупцияны изилдеген европалык К.Энгвал: КРде коррупция көрүнуш эле эмес мамлекетти башкаруунун ыкмасына айланып калыптыр деп айтканы бар. Көрдүңүзбү, бул не деген масштаб!