Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз жардам иретинде 200 миллион кытай юанын (2,7 млрд. сом) берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Макулдашуу өкмөт башчынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй менен жолугушуусунда түзүлгөн.
Тараптар алгач эки өлкө лидерлери тарабынан коюлган милдеттердин жана буга чейин жетишилген эки тараптуу макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүнө токтолуп, андан соң жолугушуунун күн тартибине кирген маселелерге өтүшкөн.
Булак: Спутник