Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 377

“Ушундай күнгө жетиш үчүн отуз жылдан ашык убактыбыз текке кетти. “Коррупционер” деген сөз кулагыбызга “мамлекеттик кызматкер” деп угулаар эле. Анын ичинде соту, прокуратурасы, милициясы, деги койчу - кимдер гана жок!

“Бала болуп башыма жүн чыкканы” кедей сот, депутат, министр, аким прокурор, милиция же бир мекеменини начальнигин көргөн эмесмин.

Башкача айтканда, бул биздин көнүмүш жашоо болчу. Бешиктен бейитке чейин коррупция болчу!

Эл да коррупционерлердин жомоктогудай жашоосуна суктанып, балдарынын ошолордой болуусун кыялданып калган.

Акыры мыйзам алдында Машаяк болсо да жооп бере турган күндөргө күбө болуп жатканыбызга шүгүр...”- деди Камчыбек Ташиев