Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 995

Посттун текстин өзгөртүүсүз жарыялайбыз:

Кандай кырдаал болбосун, каратып туруп калп айткан адамдар таң калтырат. Эгерде Руслан Бекназаров соцтармактар аркылуу атайын коомчулуктун пикирин башка жакка бурууга аракет кылган кайрылуусун жасабаганда, мен деле унчукпай, өз оокатымды кылып жүрө берет элем. Бирөө менен каяша айтып отурууга чынында убактым деле жок. Балким, Руслан иним атасынын кайрадан кармалганына жаны ачып, эмоцияга берилип кеткендир. Ошондой эле болсун, бирок, бул турушунда сенден саясатчы чыкпайт, Руслан!

Менин журналисттик ишмердүүлүгүмду калың журт жакшы билет. Ар дайым абакта жаткан саясатчыларды коргоп келе жатам. Өз учурунда Азимбек акенин жазгандарын эч ким чыгарбай калганда, мен гезитиме, сайтыма чыгарып, колдоп тургам. Ондогон жылдар бою колдоп келдим. Дал ошондуктан, Азимбек акеден Кемпир-Абад маселеси боюнча камалганда да ар дайым кабар алып турдум. Ошондуктан, кечээ жакында дагы ал жайын сурап, чалып, "аке, кандай жардам керек, мен дагы бийликке кайрылып, жазып коёюн"- дедим. Үкалар акелерден кабар алып турушу керек.

Ошондо Азимбек аке: "мен бийликтин ынтымак жана биримдик саясатын колдойм, аксакал катары элди ынтымакка чакырып пост жазайын"- деген эле го? Мен журналист катары текстин оңдоп, өзүмдүн айрым сунуштарды кошуп, "менин оюмча, ушундай мааниде чыкса, коомчулук туура кабыл алат, жакпаса чийип салыңыз"- дедим. Болгону ошол!

Өзү акыл-кенеш сурап кайрылып жатса, анан аягында сен аны жалган-калпты кошуп элге жарыя кылганың кайсы эркекчиликке жатат? Ошонун айынан, азыр: "аа, Бекназаров ошол постун бийлик менен соодалашып жазган турбайбы"- деген сөз таркап кетти. Минтип саясат жасайм деп атып, сен, Руслан, атаңды өтө уят кылдың. 

Ойлодуң окшойт, "каякка болсо Ташиевди кошсом, эл ишене берет"- деп. Бирок, бул аракетиң таш менен талкан болду.

Эми бул маселеден кийин, эч ким силер менен сыр сактап, сүйлөшпөйт. Анткени, силердин сөзүңөргө турбаган сапатынар жалпы элге жайылып кетти. Эркек болгондон кийин, адамдар өз сөзүндө турушу зарыл.

А Азимбек акенин бүгүн кармалышына Руслан, сен саясат кылып, айтып чыккан маселенин эч кандай тийешеси жок! Менин билишимче, Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөт мүчөсү болуп турганда, банк кутучаларынан табылган акчалардын "распил" болуп кеткендиги боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Эми калганын тергөө жана сот көрсөтөт...

Эч ким мындай тагдырды бөтөн бирөөгө каалабайт. Түрмөдө жыландын баласы жатпасын. Бардыгыбыз мыйзам жүзүндө жашаганды үйрөнөлү...