Заманбап Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдык маарекесине карата, президентибиз жаны бийлик ордосу - "ЫНТЫМАК ОРДОСУН" ачып, кыргыз эли үчүн улуу тарыхый иш жасады.
ЫНТЫМАК ОРДОСУНУН Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнү - 31-августта ачылышынын да саясый, тарыхый зор мааниси бар.
Менин жеке пикиримде, президентибиз бийликке келгенден бери, мурда бийлик ордосу болуп келген Ак үйүбүзгө олтурбай, жаны Бийлик ордосун курганынын себептери төмөндөгүлөргө негизделет:
Биринчиси, президентибизди реалдуу бийликке алып келген 2020-жылдын Октябрь окуясында, бийликтин акыйкатсыздыгына нааразы болгон эл Ак- үйүбүздөн бийликти үчүнчү жолу кууп чыкты (мурда 2005- жана 2010-жылкы элдик ынкылаптарда). 30 жылда өз бийлигин үч жолу бийлик ордосунан кууп чыккан тарыхый-саясый окуя адамзаттын тарыхында сейрек кездешет:,
Экинчиси, мындай тарыхый окуялар президентибизди албетте, ойлонтпой койгон жок;
Үчүнчүсү, 30 жылда Ак үй мурдагы качкын президенттердин үй-бүлөсүнө кызмат кылып келген, коррупцинер, саясый сойкулардын, кошоматчылардын ордосуна айланганы жашыруун эмес: Аны биринчи качкын президентибиз, кыргыз коррупциясынын атасы- Акаев 1997-жылкы Коопсуздук кенешинде: "Коррупция Ак- үйдүн 7-кабатына жетиптир…"- деп өзү моюнга алган:,
Төртүнчүсү, президентибиз бул ачуу чындык, фактыларды, окуяларды терең изилдеп, анализдеп, анан кыргыздын каада-салттарына ылайык, мамлекеттик бийликтин эң башкы ордосун которууну, анын атын ырымдап "ЫНТЫМАК ОРДОСУ" деп атоону чечкен деп ойлойм.
Бешинчиси, чыныгы элим, жерим деген улуу тарыхый адамдар, ал түгүл жеке адамдар да иши жүрбөй, же ооруп калса ак тилек, үмүт кылып, ырымдап, жаңы борбор, үй курушуп, журт которушкан. Мисалы Улуу Петр I Россиянын борборун Питерге, Ататүрк Турциянын борборун Анкарага, Назарбаев Казахстандын борборун Астанага көчүргөн. Турциянын азыркы президенти Эрдоган Анкарада жаңы бийлик ордосун курду. Биздин качкын президенттерибиз 30 жылда Акаев Ак үйгө өстүрүп кеткен: "коррупция", "үй-бүлөлүк башкаруу" деген жугуштуу бийлик ооруулары менен бийликке келери менен "ооруп" калып атышты. Бирок алардын бири да азыркы президентибизге окшоп ал "ооруулардан" айыгуунун жолун издеп, жок дегенде жаңы ордо курууну ойлогон жок. Болгону, 2010-жылы күзүндө шайланып келген Жогорку Кенеш Ак үйдү "аластап", түлөө өткөрүп (кан чыгарып), намазкана ачуу менен Ак үйгө киришкен.
Урматтуу замандаштар!
Кылым карыткан ата-бабаларыбыз: "ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК"- деп үй-бүлөнүн, бир туугандардын, достордун, тамыр- сөөктөрдүн, уруунун, улуттун ынтымагын баарынан жогору коюшкан. Кыргыз тарыхын, санжыраларды жакшы билген адам, кыргыздар ынтымакта турганда, бир да душмандары кыргыздарды жеңе алышпаганын жакшы билишет. Ошондуктан, кыргыздардын душмандары ар дайым биздин ынтымакты ичибизден ыдыратып туруп, анан гана Улуу Кыргыз каганаттарын талкалашкан. Азыркы заманбап катаал глобалдашуу доорунда, бийлик менен элдин ортосундагы ынтымак баарынан маанилүү. Ушул багытта президентибиз үч жылдан бери алгылыктуу аракеттерди жүргүзүп жатканы, аны жаңы бийлик ордосунун "ЫНТЫМАК ОРДОСУ"- деп аталышы да тастыктап турат!
Азыркы мезгилдеги аксакал саясатчылардын бири катары президентибиздин ЫНТЫМАК жана БИРИМДИК саясатын колдоого, бардык маселени сүйлөшүү жолу менен тынч чечүүгө чакырам!
Биз бир жыл сегиз ай мыйзамсыз камакта олтурган "кемпир-абадчылар" өзүбүз мыйзамсыз түрмөдө олтурсак да, ушул мөөнөт ичинде президентибизге, анын “ЫНТЫМАК жана БИРИМДИК” саясатын колдоп, түрмөдө эки жолу расмий кайрылуу жолдогонбуз. Ооба түрмөдө жатып, президентибиздин жана УКМКнын төрагасынын ж. б. айрым мамлекеттик чиновниктердин адресине өтө орой формада, жагымсыз этикетсиз сөздөрдү да айтканбыз. Ал сөздөр кылмыш иштин мыйзамсыздыктарына, түрмөнүн оор шартында, айрым адилетсиздиктерге байланыштуу "жан кашайгандагы" ачуу сөздөр экенин, убагында биздей эле "турмушту" кечиришкен ар кандай адам туура түшүнөт деп ойлойм. Ал адепсиз сөздөрүбүз үчүн да ЫЙЫК РАМАЗАН айында президентибизден расмий кечирим сурагам. Азыр үч айга жакын жарым эркиндикте жүргөн "кемпир-абадчылар" президентибиздин “ЫНТЫМАК жана БИРИМДИК” саясатын колдоорубузду, ар кандай маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр экенибизди да билдиргенбиз. Мунун баары биздин үстүбүздөн жүрүп жаткан тергөө, сот иштеринен коркконубуздан эмес, эл жана мамлекет алдындагы өзүбүздүн да атуулдук жоопкерчилигибиз бар экенин сезгенибиз үчүн жазып жатам! Эгемендиктин кыл чайнашкан, тагдыр чечкен тарыхый оор күндөрүндө көп маселени сүйлөшүү, ынтымакка келүү менен чечкенге түздөн-түз салым кошкон инсан катары кайрылуудамын!
Кыргызстандын жалпы элин заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгында, Президентибиз ырымдап курдурган “ЫНТЫМАК ОРДОБУЗ” менен куттуктаймын. ЫНТЫМАК ОРДОБУЗ элибизге, мамлекетибизге түбөлүк ак кызмат кыла берсин. “ЫНТЫМАК ОРДОСУН” кирип көрүп чыккандарга АК СУКТАНУУ!
“ЫНТЫМАК ОРДОБУЗДУ” коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу, саясый сойкулук, кошаматчылык сыяктуу жугуштуу ооруулардын вирустарынан, аны алып жүрүүчү качкын президенттердин, алардын тарапташтарынын «буттарынан» кудай сактасын.
Азимбек Бекназаров