Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирли.
Анын айтымында, азыркы дипломатиялык аракеттер өтө эле жай жүрүп жаткандай көрүнүшү мүмкүн, бирок Кыргызстан өзүнүн көздөгөнүнөн артка кайтпайт.
"Биз БУУнун деңгээлинде Газа секторундагы абалды жөнгө салуу талабын ар дайым коюп келе жатабыз. Бирок, мыкаачылыктын токтобой жатканы зээнди кейитет. Биз бул мыкаачылык канчалык кесепеттүү экенин көрүп, күбө болуп жатабыз. Бул согуштук аракеттер, карапайым элге кол салуу токтойт деп үмүттөнгөнбүз, бирок андай болгон жок", — деди Байсалов түрк телеканалдарына берген маегинде.