- Бүгүн Өкмөттө өтө кызыктуу жана (ачык айтайын) мен үчүн кубанычтуу иш чара өттү. Дүйнөлүк Банктын мекенибиздеги кенсесинин башчысы Хью Риддел мырза жана бир канча окумуштуу, изилдөөчү, аналитектери менен келип, администрациянын жооптуу башкармалары жана адистери үчүн презентация жасады. Кыскасы, Дүйнөлук Банк 1500 үйбүлөнү статистикалык метод менен тандап алып, 2022-жылдын декабрынан бери ай сайын, сурамжылоо мониторинг өткөзүп турат. Акыркы 2024-жылдын июнь айында өткөзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянсак, эки жарым жыл муруңку көрсөткүчтөр (так ошол убакыт тегерегинде урматтуу С.Н.Жапаровдун жаңы Конституциялык реформа толук кандуу иштеп, азыркы А.Ү.Жапаров жетектеген кабмин келген) ошол убакыт менен салыштырмалуу социалдык абал кыйла оңолуптур.
Мисалы:
- Тамак-аш жетип жетпеши коопсуздугу (продовольственная безопасность) боюнча: 2021-жылдын декабрында 40% өзүн коопсуз сезсе, азыр 80%!
- Үй-бүлөлүк финансылык коопсуздук: 2021-жылдын декабрында 33% кооптонбосо, азыр ал көрсөткүч 68%га жетти.
- Өзүн жакыр деп эки жарым жыл 33% үй-бүлө сезсе, азыр бул көрсөткүч 19%га түштү.
- Мурда 54% гана жашоосуна ыраазы болсо, азыркы учурда айылда 72%, шаарда 67% сурамжыланган үйбүлө жашообузга ыраазыбыз деп жооп беришиптир.
- "Өлкө туура жолдо баратат" деп мурда шаарда 57%, айылдыктардын 70% гана эсептесе, азыр ал көрсөткүч айылда 88%га жетип, шаардыктарыбыздын 75% "туура" деп калышыптыр.
- “Коррупция менен бийлик эффективдүү күрөшүп жатат”- дегендер мурда шаарда 60% гана болсо, азыр 80%ге жетиптир.
Албетте, бул сыр эмес, башка сурамжылоолордон да муну жакшы билебиз, мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун саясатын, биринчи кезекте, башынан эле элеттиктер катуу колдошоорун. Бирок, шаардыктардын арасында ушул эки жарым жылда үмүт жаралып атканын көрсөк болот.
Мисалы, "өкмөт эл менен туура диалог алып барууда деп 46%гана эсептесе, азыр ал көрсөткүч 64% жетти. Бул дагы өтө жогорку жыйынтык, бирок албетте мындан да жакшы иштешибиз керектигин маалымдайт.
Дагы бир кызыктуу көрсөткүч - бул бийликке болгон ишеним "саясатчылар биринчи кезекте элге иштеп, элдик кызыкчылыкты өйдө коюшат деп 50% гана ойлосо, азыр ал көрсөткүч шаардыктардын арасында 65%га жетип, айылдыктардын арасында 75%га чейин көтөрүлүптүр ишеним.
Бул сурамжылоо жыйынтыктары менен Улуттук эгемендик күнүн утурлай, сиздер менен бөлүшүп жатканымды "бийлик баарын жыргатып, көйгөйдүн баарын чечип, кыйратты" деп мактаныч деп түшүнбөңүздөр, сураныч.
Бул объективдүү, эл аралык уюм - болгондо дагы, Дүйнөлүк Банктын өздөрү өткөзгөн изилдөө жыйынтыкы кезектеги. Эки жарым жыл, отуз айдын ичинде бир канча көрсөткүч эки эсе өсүп атса, сүйүнөсүң да. Негативдүү көрсөткүч да болуп калышы мүмкүн келечекте бул сурамжылоо. Бирок бизге (Президенттин Администрациясы, Кабмин) өтө маанилүү. Бекеринен "Слушая Кыргызскую Республику" деп аталбаса керек. Бийлик үчүн ориентир, обратная связь, периодикалык метрика саясий багыт туура жол менен кетип баратабы дегендей.
Көйгөй өтө көп, жакырчылык азыркы учурда негизинен шаарда батирлеп, туруктуу кирешеси жоктордун арасында. Албетте, кичине инфляция басандаса дагы, кымбатчылыкты проблема номер экинчи проблема деп атагандар көп, номер бир көйгөй жумушсуздук. Бирок мекенибизде стабилдүүлүк орногонун ушундан байкаңыздар: мурда 23% үйбүлө "акыркы айда бир орчунду негативдүү өзгөрүүгө дуушар болдум" дешсе, азыркы күнү бул көрсөткүч 5% тегерегинде экен.
Кымбаттуу мекендештер, Кыргызстандын эгемендиги түбөлүк, улуттук тагдырыбыз өз колубузда. Буюрса, туруктуу өнүгүү жолуна чыкканыбыз менен чын жүрөктөн куттуктаймын.
Алга, Кыргызстан!
Эдил Байсалов