Бир кезде Жогорку Кеңештин экс депутаты Адахан Мадумаров : “Сабатсыздар Кумтөрду ала албайт, эл аралык сот кыргыздын соту эмес, бир кой жетелеп барып чечип алгыдай деп “шилекейин чачыратканы” элдин эсинде.
Саясатчынын сөзүнөн кийин, “Кандай болуп калат болду экен” деп кооптонуп турсак, Кумтөр мамлекеттин карамагына өтүп, 3 жылда 60 тонна кызыл алтын берип элдин пайдасына иштей баштады.
Андан көп өтпөй баягы саясатчы кайрадан : “Ата мурасын сактап калалы” деп иш жүзүндө селсаяктардын үйүнө айланып калган мурдагы Ысык-Көл мейманканасын сактап калуу боюнча билдирүү таркаткан эле.
Эртең, анын ордуна салынган заманбап “Ынтымак-Ордонун” ачылыш аземи күтүлүүдө.
Кезинде “Садыр Жапаров, президент болсо, бизге эч бир өлкөнүн президенттери келбейт. Эч ким биз менен эсептешпей” деген да кепти айткан.
Бирок, иш жүзүндө бир нече мамлекеттин президенттери келип кетти.
Мектептер, бала-бакчалар, жолдор, темир жол, аба майдандары биринин артынан бири ачылып пайдаланууга берилиши, Кыргызстанда кадимки эле көрүнүшкө айланды.
Биз жашаган Талас шаары 3 жылдын ичинде кадимкидей өзгөрдү. Жаңы конуштарга чейин асфальт төшөлүп, аба майданы кайрадан ишке берилгени турат. Ипотекалык батирлердин курулушу башталды. Талас облустук ИИБ, прокуратура, УКМКнын облустук башкармалыгы жаңы заманбап имараттарга ээ болду. Бир эмес 3 заманбап сейил багы ачылды.
Кыязы, ушуну менен кооз сүйлөгөндөрдүн заманы өттү окшойт.
Булак: “Фейсбук”, Бакай Садыровдун баракчасы