"Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" көрсөтүүсүндө Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кемпир-Абад иши Кыргызстандын тарыхындагы стратегиялык чечимдерге тоскоолдук кылууга аракеттердин акыркысы болушу керектигин белгиледи.
"Кыргыз саясатчылары өлкө эгемендүүлүк алгандан баштап чек ара маселесин саясий инструментке айлантышып, аны бийликти кулатууга пайдаланып келишти. Кемпир-Абад окуясын Кыргызстандын тарыхындагы бул 30 жылдык баш аламандыкка чекит койгон бурулуш учурлардын бири катары мүнөздөш керек.
Таразанын бир тарабында стабилдүүлүк, мамлекеттин өнүгүүсү, элдин макулдугу болсо, экинчи тарабында 2 жылга жакын абакта жаткан 15ке жакын саясатчы турса, берилчү жооп ачык эле болур калат.
Учурдагы бийликтин келиши менен чек арада куралдуу кагылыш орун алды. 2022-жылы экинчи кандуу кагылышуу болду. Мындай учурда бийлик коңшу өлкө менен чек ара маселесин чечүүнүн ордуна саясатташтырып, курчутса кечиримсиз болмок.
"Тартиптүү эл - кул болбойт. Тартипсиз эл - эл болбойт" деген сөз бар. Эгерде бул саясатчылардын жетелеген жагына барганда, анда өлкө митинг менен пикетке батып, туруктуулук болбой, бүгүнкү жетишкендиктер келмек эмес. Учурда элдин тарыхый талабы - өлкөнү өнүктүрүү жана туруктуулуктун убагы, "шоу" менен "поп-корн" доору бүттү", - деди Байсалов.