Президент Садыр Жапаров бүгүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.
Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин 54-жыйыны өтүп жатат.
Жыйындын катышуучулары менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы КМШ мындан 30 жыл мурда олуттуу геосаясий өзгөрүүлөр учурунда түзүлгөнүн белгиледи.
“Шериктештик бизди жалпы баалуулуктардын негизинде бириктирип жатканы жана Уюмдун өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алган, баарынан мурда достук жана коңшулаш мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо үчүн өзүн негизги инструмент катары көрсөткөнү кубандырат. Өткөн жылы Кыргыз Республикасы КМШ органдарында төрагалык кылды, анын ийгиликтүү өтүшү Шериктештиктин бардык уставдык органдарынын жыйындарынын жүрүшүндө белгиленди”, – деп, Садыр Жапаров төрагалыктын алкагындагы иште негизги басым региондогу ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.
Президент КМШга мүчө-мамлекеттердин интеграциясын бекемдөөгө жана көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүүнү жогорулатууга Кыргызстандын умтулуусун ырастап, Коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңеши түзүлгөндөн бери өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо боюнча баа жеткис иштерди аткарып, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында жемиштүү көп тараптуу кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү куруу боюнча практикалык кадамдар жасалып жатканын белгиледи.