Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматынын төрагаларынын жыйыны болууда. Президент Садыр Жапаров иш чаранын катышуучулары менен жолугушту.
Жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Москвадагы "Крокус Холлдогу" теракт терроризм - дагы деле курч көйгөй бойдон калып жатканын көрсөткөнүн белгиледи.
Ошондой эле ал Афганистандын түндүк провинцияларында ушул убакка чейин террористтерди концентрациялоо жүрүп жатканына, а Палестина менен Израилдин ортосундагы конфликт дүйнө жүзүндөгү этникалык жана конфессионалдык топтордун акыбалын оордотконуна тынчсыздануусун билдирди.
"МТО жана алардын артында турган демөөрчүлөр дүйнөнүн бир катар аймактарындагы коомдук-саясий кырдаалдын чыңалуусун өздөрүнүн стратегиялык көйгөйлөрүн чечүү үчүн пайдаланууга умтулушат", - деди Камчыбек Ташиев.