Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1758

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мурдагы учурдан айырмалап турган бир катар өзгөчөлүктөр орун алууда. Алардын бири - тандемдин жоктугу. Атайын саясий бийликчил тандемди түзүүнүн зарылчылдыгы да жок болчу. 

Бир кездерде өлкө алдында тандоо турган - кайда баруу керек? Туруктуулук жагынабы же туруксуздуккабы? 

Так ушундай учурда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тагдыр жолу бирдиктүү миссияны аткаруу менен кесилишти - бул өлкөнү чөгөлөгөн жеринен көтөрүү жана аны максималдуу күчтүү, гүлдөгөн, бакыбат мамлекетке айландыруу! 

Тандем - бул эки лидердин милдеттүү түрдө макулдашуусу, бирок бул экөөсүнө ал маанилүү эмес болчу, экөө тең жеке саясий амбициясын коомдук, мамлекеттик кызыкчылыктан жогору коюшкан жок. 

Ошондуктан тандем деген нерсе болгон эмес. Кыргызстанга кызмат кылуу чоң каалоосу гана орун алган!

Өлкөнү түндүк менен түштүккө, жомоктогудай бай менен жакырларга бөлүшкөн жок. Тескерисинче, коомдогу начар ажырым болбошу үчүн, элдин жүрөгүндө акыйкаттуулукка болгон ишеним жоголбошу үчүн бардык жерде тартип орнотуу, мыйзам үстөмдүгүн жогору коюу үчүн иштөөлөрү керек эле... 

Мына, ушул максатты ишке ашырууга эки дос жана пикирлештер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин миссиясы башталган. 

А алардын биргелешкен аракетин тар түшүнүктөгү саясий тандемге байлап коюуга кимдер кызыкдар экени - бул өзүнчө маселе. 

Ошондой эле, "бийлик тандеми" тууралуу, тандемдин ичиндеги коркунучтуу талашуулар, тирешүүлөр жөнүндө да жомок токугандар. 

А чындыгында тандем жок, ага ылайык пикир келишпөөчүлүк да жок! 

Учурдагы бийликтин оппоненттери экөөнүн ортосуна от жагууга үмүтүн дале үзүшө элек. 

Бирок үмүттөрү акталбай калган учурда дагы кежир оппоненттер өздөрү ортолоруна кара мышыкты кое берүүгө да даяр. 

Эгерде Садыр Жапаров экинчи президенттик мөөнөткө барууну чечсе, анда Ташиев досун сөзсүз түрдө колдойт. Ишенимдүү багытташ катары. Тажрыйбалуу саясатчы катары. 

УКМК төрагасы бул боюнча позициясын так билдирген - ал Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө барам десе, шайлоодо анын талапкерлигин колдойт. 

Анткени талаптар саясий чечимдерди бир адам кабыл алып, экинчиси ал чечимди ыкчамдык менен логикалык соңуна чыгаруусу абдан жакшы жыйынтык берээрин түшүнүштү. Башкаруунун ушундай өзгөчөлүгү - бул мамлекет үчүн кепилдик. 

Бирок "олигарх" деп аталгандар жана олигарх эместер, түбөлүк саясий оюнчулар эбак эле учурдагы бийликке оппонент болуп алышкан. 

Болгондо да элдин каалоосу менен эсептешишкен жок. Алар дайыма акчанын күчүнө, кооз сөздөрдүн күчүнө гана ишенип келишкен. 

Элиталык-криминалдык олигархияга каршы күрөш “Жапаров менен Ташиевдин” альянсынын эң динамикалуу жана чечкиндүү кадамы катары эсте калат. 

Эми эле алардын башкаруусунда өлкө "тизелеп отурган жеринен туруп", кадыр-баркын калыбына келтиргени, көз карандысыз саясат жүргүзүп жатканы бааланып баштады. 

Бул тууралуу көбүнчө "акүйчүл пул эксперттер" эмес, элдин калың катмарындагылар айтып жатышат. 

Мисалга алсак, эгерде мурда Кыргызстан эң коррупцияланышкан жана криминалдашкан өлкө катары таасир калтырса, азыр Садыр Жапаровдун саясий эркинин жана Камчыбек Ташиевдин так стратегиясынын аракети менен өлкөдөгү криминал жок кылынды. 

Жапаров-Ташиев тандеминин функцияларынын бири – аны фундаменталдуу деп атаса болот – бул биринчи жана экинчи тарап тең түрдүү топтук кызыкчылыктарды тең салмактап турат.

Кыргызстанда мурда да тандемдер түзүлгөн, бирок анын жыйынтыгы кубантаарлык болбогон. 

Бирок үч жылдан ашык убакыттан кийин биз биполярдык өкмөт институту өзүнүн эффективдүү жашоо укугун тастыктаганын байкай алабыз. 

Жапаров-Ташиев мындан ары да өнүгүп, тарыхтын нугуна түшүп, Кыргызстандын керектөөлөрүн, коомдун талабын так аткарат...