Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1601

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде коррупцияга каршы күрөштөн өлкө бюджетине жалпысынан 100 миллиард сом түшкөнүн билдирди. Бул конфискацияланган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн наркын кошуп эсептегендеги көрсөткүч. 

Бул боюнча Апрель элдик революциясынын баатыры Төлөгөн Наралиев пикирин төмөнкүдөй билдирди:

- Бир кезде мен  “келечекте жакшы өлкө бололу" деген тилекте 2010-жылы  апрелдин активдүү катышуучусу болуп, ошол убактагы бийлик азыркыдай  "люстрация кылабыз" дегенине  ишенип чыкканбыз, а бирок иш жүзүндө  теңирден тескери  кетишти. Бийликке жеткенден кийин, башкасын айтпайын, райондук лидер болуп жүргөн менден да кача башташты.

Кийин оппозициядагы  Камчыбек Ташиев  менен  жолугуп  иш-пландарын уктум.  Ошондо эле  анын: “Эгерде эл ишеним көрсөтүп,  бийликке  келсем, өмүрүм коркунучка калаарына карабай, өлкөдөгү жат көрүнүштөр менен күрөшүп, өлкөнү саздан сууруп чыгат элем”, -  деген сөзүнө ыраазы болуп, партиясына өткөм.

Ошондо кийин 5-6 жыл өтүп Камчыбек Ташиев бийликке келип, жанын, өмүрүн элге арнап иштеп жатат.

Жемкорлордон  казынага 100 миллиард  сомду  кайтарыш үчүн  Ташиев  өмүрүн тобокелге салганын эл көрүп, билип турат. Бир эле учурда   “каралар”  жана жемкорлор менен күрөшүү  үчүн темирдей эрк керек. Ташиев чыныгы генерал экен. Айтканын аткарды.