Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1531

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармактагы баракчасына АКШнын Эл аралык республикалык институтунун сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. 

"Акыркы айларда биз президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан реформалык саясаттын негизинде ишке ашып жаткан көптөгөн дадилдүү иштерди, жакшы башталыштарды көрүп жатабыз.

Чыныгы кескин экономикалык бийиктиктер жана социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүдөгү ийгиликтер менен катар, биз эл аралык каржы институттарынан фискалдык-финансылык саясатыбыздын багытын колдогондорун угуп жатабыз.

Биз үчүн бет алган курсубуздун эл ичинде жактырылышы өзгөчө мааниге ээ, анын жогорку деңгээлин ички сурамжылоолор тастыктоодо.

Элдин мындай кеңири колдоосуна, экономикалык абалдын жакшырышына жана коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө күмөн санагандарга биз Эл аралык республикалык институттун көз карандысыз коомдук пикирлер боюнча сурамжылоолоруна бир көңүл буруп коюуну сунуштайбыз.

Сурамжылоолордун жыйынтыктары президенттин саясатын колдогондордун олуттуу өскөнүн, үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалынын жакшырганын жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциянын кескин азайганын көрсөтүүдө. Урматтуу Садыр Нургожоевичтин командасынын бет алган курсунун коомчулук тарабынан күчтүү колдоолорго ээ болушу мындан аркы экономикалык өнүгүүдө, жарандарыбыздын бакубат жашоосун жогорулатууда жана адилеттүү экономикалык чөйрөнү түзүүдө сөзсүз ийгиликтерди камсыз кылат.

Бул ийгиликтер – президент Садыр Жапаровдун жетекчилигиндеги өкмөтүбүздүн күжүрмөн эмгегинин үзүрлүү натыйжасы. Коррупциянын бардык баскычтарда олуттуу кыскарышы чынчыл жана ачык саясат жүргүзүүдө чечкиндүү жана натыйжалуу иштердин жүрүп жаткандыгын тастыктайт. Биз ар бир кыргызстандык үчүн туруктуу жана ишенимдүү жаркын келечекти камсыз кылуунун үстүндө ак кызматыбызды уланта беребиз!" - деп жазды Акылбек Жапаров.