Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1249

Жогорку Кеңеште экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кол тийбестикти кепилдеген "экс президент" деген расмий макамына байланыштуу кол топтоо жүрүп жатканын бүгүн 29-февралда “Азаттыкка” курган маегинде парламент депутаты, “Элдик” тобунун мүчөсү Тазабек Икрамов билдирди.

Бул маселе топтун ичинде талкууланбаганын, ар бир депутат өзүнүн сунушун, ой-пикирин жалпы жыйынга алып чыкканга же комиссия түзгөнгө сунушун бере аларын айткан депутат:

“Мындан ары эми фракциянын чечими керек болот. Кол топтоо керек болот – үчтөн бир бөлүгү депутаттардын арасынан. Бүгүнкү күнү кол топтоо болуп жатат. Фракциянын чечими чыкса анан комитетке чыгат. Комитеттен кийин комиссия түзүлөт ар бир фракциядан. Канчалык негизде кол тийбестигин алса болот же болбойт, аны комиссия иликтеп бүткөндөн кийин гана сот чечет”, - деди.

“Кол топтоого сиз да катыштыңызбы, Жээнбековдун кол тийбестиги боюнча маселеде сиздин көз карашыңыз кандай?” деген суроого Тазабек Икрамов:

“Бул кол топтоого мен кол койгон жокмун. Комиссия карайт. Негизи экс-президенттер мамлекетке, элге зыян келтирбеген болсо, чыккынчылык же коррупциялык чоң иш кылбаса кол тийбестик макамы калышы керек. Ал эми эгер мамлекетке зыян келтирген болсо, чыккынчылык кылып же ушундай бир маселелер жаралган болсо сот күнөөлүү деп чечкен болсо, макамы алынышы керек”.

28-февралда Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев парламентте Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берген.