Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1140

Нурлан Мотуев соцтармактагы баракчасы аркылуу Россиянын президенти Владимир Путинге кайрылды. Ал мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду кайтарып берүү суранычын жолдогон. 

"Урматтуу Владимир Владимирович. Мен сизге нарындык жердешим, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков боюнча кайрылып жатам. Ал премьер-министр болуп турганда Россиядан 37 миллион доллар өлчөмүндөгү кредит алып "РусГидро" компаниясы менен биргеликте Нарын каскад ГЭСин курууну убадалаган. Бирок ал жерге барган да жок, акчаны болсо уурдап алды. 

ГЭС курула турган жерде эч нерсе жок, бош турат. Бул ууру Кыргызстандын акчасын уурдап кетти. Сапар Исаков ал акчага Москвадан ресторан сатып алып, бизнесин өнүктүрүп жатат. Россиянын коррупцияланышкан чиновниктери аны калкалоодо. Ал эми жөнөкөй кыргызстандыктар бүгүнкү күндө ал алган кретти, кошумча туумду кошкондо 49 миллион долларды төлөшүүдө. 

Албетте, сиз, урматтуу Владимир Владимирович, бул тууралуу билсеңиз керек. Чиновниктер кара иши тууралуу сизге айтышпаган чыгаар. Бирок биз, жөнөкөй кыргызстандыктар чиновниктер тарабынан уурдалган акчаны төлөгүбүз келбейт. Ошондуктан Сапар Исаковду бизге кайтарып бериңиз. Биз ага ал акчаны туумду кошуп төлөөгө мажбурлайбыз. Сизди абдан сыйлайбыз. Чечкиндүү кадамдарыңызды күтөбүз", - деген Нурлан Мотуев. 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Ата ипподромун реконструкциялоодогу коррупцияга айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган болчу. Сот андан мамлекеттин пайдасына 247 миллион сом өндүрүү чечимин кабыл алган. Бирок 2020-жылдын октябрь айында абактан убактылуу чыгуу мүмкүнчүлүгүнө туш болгон Исаков ошону менен кайтып келген эмес. Кийинчерээк анын Москва шаарында жашап жатканы жана ресторан ачканы депутат Шайлообек Атазов тарабынан айтылган.