Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 247

8-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Садыр Жапаров Ильхам Алиевди 7-февралда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Азербайжан элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүн каалады.

Өлкө башчылары ошондой эле кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.