Учурда "бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкты уюштурууга аракеттенүүгө" шектелип кармалып, учурда абакта жаткан саясатка Азимбек Бекназаровдун түрмөдөн жазган каты соцтармакка жарыяланган.
Анда саясатчы Бишкек ЖЭБиндеги аварияга президент Садыр Жапаровду күнөөлөгөн.
Ага коомдук ишмер Клара Ажыбекова жооп берди:
"Урматтуу Азимбек Анаркулович!
Сиз илгери депутат болуп, Үзөңгү-Кууш үчүн күрөшүп, түрмөгө отуруп жүргөндө чынында эл жакта болгонсуз. Элиңиз сизди иштерман деп сыймыктанып айтышчу эле!
Сиз Отунбаеванын кол астындагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгондон баштап көп учурда Америка жактуу саясатка ооп кеттиңиз!
Сиздин эң биринчи душманыңыз - бул Кулов!
Билбесеңиз билип алыңыз!
Сиз болбой эле акыркы убакта ошолордун сөзүн сүйлөп жатасыз!
Бишкек шаарынын элин талкалап, АКШнын авиабазасынан снайперлерди алып келип элди кырдырган - Отунбаева баш болгон "группировка" болчусуңар!
Ага мен ойлойм, РИО, ФШК, ... сиз кирген болушуңар керек! Бирок РИО менен ФШК сизди колдонушат.
Бирок жек көрүшөт, сизге ишенишпейт, керек болсо коркушат! Ошон үчүн тез эле бийликтен түшүрүп коюшат! Бул жолу деле элчиликтен кетишиңизге ошолордун таасири тийди деп ойлойм!
ФШКнын ичи күйдү көрүнөт! Эмне үчүн Бекназаровду элчиликке жиберет, а мага эч кызмат беришпейт деп?!
Мен деле ойлойм, сизди жөн эле түшүрүп коюшса болмок! Бул атайын жасаган сценарий болсо керек!
Эмне үчүн?
Сизди Садыр Жапаровко каршы кылып, дагы да болсо "БУЛЬДОЗЕР РЕВОЛЮЦИЯ" жасаш үчүн!
Сиз чет өлкөдөн келе калып эле Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Отунбаева- Куловдун командасынын сөзүн сүйлөй баштадыңыз! Анан балаңыздын ордуна барып суранып отуруп алдыңыз!
Кемпир- Абад боюнча Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге жөн эле жалаа жапкан "чистой воды" калп болчу!
Сиз ошол провокацияга кошулдуңуз!
Кемпир- Абадды эч ким эч жакка саткан жок!
Теңирден тескери, бизге пайдалуу болуп маселе чечилген!
Отунбаева баш болгон Убактылуу Өкмөт 2010- жылы Кыргызстанга кара түн алып келип, исламдын боевиктерине түштүктү кырдырып, өртөттүңөр!
Орустар айтат, "ЧЬЯ БЫ КОРОВА НЕ МЫЧАЛА БЫ, ДА ВАША БЫ МОЛЧАЛА!"
Кыйын болуп Кыргызстанды кыйраткан силер Убактылуу Өкмөт турбайсыңарбы?
Же миңдеген кыргыз, өзбек жарандары кырылганын унутуп калдыңарбы?
Акыйкаттык болгондо баарыңарды жоопко тартыш керек эле!
Өз элине чыккынчылык кылышты деп!
А банктарды талап, ячейкаларга кирип, мародерство жасаган Отунбаева баш болгон Убактылуу Өкмөт экенин унутуп койдуңарбы?!
ТОБО!
Дагы элим, жерим, мекеним деген уулдарыбызды - Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди кыргыз эл тикеси менен тик туруп колдоп, Садыр Жапаровду президент кылып шайлап алдык!
Үч жылдан бери Кыргызстанды көтөрүп, өстүрүп, өндүрүп жатат!
Ал мамлекеттин өсүшүнөн эле көрүнүп турат!
Чындык бар!
Коррупция менен элди талап, кедейликке тыгып койгонуңарда, ошол уурулардан кайра элге алып берип жатышат Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев!
Бул уулдарыбыз эл үчүн иштеп жатат!
ТЭЦти ЦРУшниктер экинчи жолу жардырып жатышат!
2018 - жылы 30 градуста атайылап форточканы ачып коюп, трубаларды жардырып, чоң авария жасашкан!
Эл канча күн кыйналышты эле!
Бул жолу да кар жаап, суук боло түшсң ЦРУшниктер сүйүнүп "мына, момент келди" деп ТЭЦти жардырышты!
Пландары күчтүү болгон, чоң трагедия пландаштырылган!
Бирок Президент Садыр Жапаров биринчи минуттан баштап бүт баарын өз колуна алып, бүт уюштуруп МЧСти баш кылып трагедияга тоскоол коюп койду!
"Бедолаги"!
Планынар ишке ашпай калды!
Садыр Жапаровту жаман корсотом деп, президенттин күчтүү жактарын бүт Бишкектин эли көрдү, бүт Кыргызстан көрдү, кошуналарыбыз көрүп, жардам берип да жетишишти!
Силер болсо жөн эле интриган болуп калдыңар!"