Экс-депутат, КР Эмгек сиңирген экономист Кубанычбек Исабеков "Кабар" маалымат агенттигине Бишкек ЖЭБинде болгон авариянын кесепеттерин жоюудагы бийликтин аткарган иштери боюнча пикирин билдирген.
Ал ЖЭБдеги авариянын келип чыгышына Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунун тушундагы аткаминерлердин айыбы чоңдугун белгилеген. Ошондой эле Атамбаевдин мындагы күнөөсү ЖЭБди жарым-жартылай реконструкциялап, чоң суммадагы каражаттын уурдалуусуна жол бергени деп эсептейт.
"Алар чоң кредитти эң жогорку пайыз менен алышкан. Бул каражаттар түндүк-түштүк альтернативалык жолун, "Датка - Кемин" ЛЭПти курууга, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоого, тарых музейин оңдоого багытталган. Бул долбоорлорду ишке ашырууда уурдоо орун алган. Мисалы, "Датка-Кеминде" бир чакырым электролиния зымдары үчүн 1 миллион доллар деп жазышкан. Мындай нарк кайдан келип чыкты? Бишкек ЖЭБди модернизациялоодо дагы ушундай эле көрүнүш орун алган. Ал толук түрдө модернизацияланбагандыктан Кыргызстан бүгүнкү күндө экинчи аварияны башынан өткөрдү. Эл жабыркап жатат. Садыр Жапаров туура айтып жатат, 386 миллион долларга жаңы ЖЭБ курууга мүмкүн болчу. Анын үстүнө азыркы аварияны бүгүнкү бийликке төңкөрүп жатышат. Бул бет тырмагандык. Күнөөнүн баары Атамбаевде", - деген Исабеков.
Экс-депутат ЖЭБдеги кырсыкка президент жана Министрлер Кабинети ыкчамдык менен реакция кылганын белгилеген.
"Азыр күнү-түнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Президент ошондой эле жабыркагандарга өзүнүн учагын берип, Түркияга дарыланууга жиберди. Мындай нерсе тарыхыбызда болгон эмес. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, комиссия түзүлдү. Борбордук Азиядагы тилектеш өлкөлөр жардамдарын берип жатышат. Мен азыр эл сабырдуулук кылышы керек деп ойлойм. Кыргызстан мындан да оор учурду башынан өткөргөн. Бийлик баарын аныктайт, ошону күтүшүбүз керек", - деп билдирген Кубанычбек Исабеков.