Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 465

Россия Федерациясынын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жыл сайын өтүүчү Digital Almaty 2024 санарип форумунда сөз сүйлөп жатып Бишкек ЖЭБиндеги авария тууралуу да айтып өттү.

Ал Россия Кыргызстанга Бишкек Жылуулук борборундагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

"Тилекке каршы, форумга Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров Бишкектеги ЖЭБде авария болгонуна байланыштуу катыша албай калды. Биз кырдаал жакын арада чечилет деп ойлойбуз. Россия ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү сыяктуу эле бул окуянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө дайыма даяр", - деди Мишустин.