Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө президенттик шайлоого барат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" көрсөтүүсүндө айтты.
Ал президент кийинки президенттик шайлоого катышаарын жана ага Конституция жол берээрин белгиледи.
"Элде жакынкы үч жылда дагы чоң жетишкендиктерге күбө болобуз деген үмүт чоң. Ошондуктан Садыр Жапаровго баштаган ишин жарым жолго таштаганга жол беришпейт", - деди ал.