Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 548

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" көрсөтүүсүндө президент Садыр Жапаровдун башкы сапаты катары анын ууру эместигин белгиледи. 

"Садыр Жапаров өзү да уурдабайт, башкаларга да уурдаганга жол бербейт. Президенттик ишмердүүлүктүн үч жылы начар эмес, бирок бул башталышы гана. Буйруса, келечекке абдан чоң пландар жана чоң амбициялар бар. Биз Кыргызстан дүйнөлүк масштабда алдыңкы өлкөлөрдүн катарын толуктайт деген үмүт менен иштеп жатабыз. Коомчулук ага жардам бериши керек, аз-маз кемчиликти сындай бербей, колдоо көрсөтүшү зарыл", - деди МинКаб төрагасынын орун басары. 

Ошондой эле, камалган журналисттер тууралуу пикирин билдирип, алар душман эместигин, ал эми камоо тарбиялоонун бир чарасы экенин белгиледи. 

"Алар чыккынчылар эмес. Президентте да, укук коргоо органдарында да, соттордо аларда түрмөдө камоо ниети жок. Бул тарбиялоо чарасы. Аталык, агалык милдет. Айрым кырдаалдарда үйдүн ээси, үй-бүлөнүн башчысы бир аз тартип орнотушу керек эмеспи", - деди Байсалов.