Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1849

Мындан туура 3 жыл мурда Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти катары өз ишмердүүлүгүн баштаган. 3 жыл аралыгында өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болгону тууралуу коомдук ишмер Азамат Кенжебаевге суроо узаттык. 

- Садыр Жапаровдун бийликке келгенине 3 жылдын жүзү болду. Акыркы 3 жыл Кыргызстан үчүн кандай өзгөрүүлөрдүн жылы болду? Президент өз милдетин канчалык деңгээлде татыктуу аткарууда? 

- Садыр Жапаров өлкө өтө оор саясий, экономикалык жана социалдык банкроттук абалга кептелген учурда бийликке келди. Менимче, баштагы бийлик дагы бир аз эле турганда мамлекеттүүлүгүбүздү жоготмокпуз, жок эле дегенде Баткен облусунун 60 пайыз аймагынан айрылмакпыз жана өлкө ичинде кландык - аймактык - граждандык согуш орун алышы дагы толук мүмкүн эле. Себеби, 30 жылдык жапайы кландык-коррупциялык-бандиттик система акыры мамлекетти кыйратып бүтүп калган... Ошондуктан, Жапаров-Ташиев тандеминин бийликке келиши өлкөнү ошол катастрофадан куткарып калды, бул эң негизгиси. Азыр шүгүр дешибиз керек, өлкөдө системдүү иштер жүрүп жатат. Алар:  коррупция менен аеосуз күрөшүү, коргонуу жана коопсуздук тармагын чыңдоо, кыйрап калган экономиканы бутуна тургузуу, бүткүл мамлекетти гидрадай курчаган криминалдык-бандиттик топторду жок кылуу. Мамлекеттик маанидеги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата -1  ГЭСти куруу сыяктуу ири долбоорлорду иш жүзүнө ашырууга кадамдар ташталып жатат. Бул долбоорлор ишке ашса, өлкөнүн энергетикалык кризистен жана географиялык туңгуюктан чыгуусуна шарт түзүлөт.

Жапаровдун бийликтеги ийгиликтерин цифралардан эле көрсөк болот: Кумтөр толугу менен өлкө экономикасы үчүн иштеп жатат, мамлекеттик бюджет үч эсеге өстү, ИДПнын көлөмү 1трлн 200 млрд сомдон ашты, ички жолдор, социалдык объектилер болуп көрбөгөндөй салынып жатат. Биринчи жолу өзүбүз темир жол салууну колго алдык, чакан ГЭСтер, альтернативдүү энергия булактары аябай тездик менен курулууда, жаңы иш орундары түзүлүп жатат. Мунун баары Жапаровдун ийгиликтүү иш алып баратканынын белгиси.

- Алдыда дагы кайсы маселелер тереңирээк каралса деген сунушуңуз бар? 

- Жогоруда айтылган жетишкендиктер менен катар кемчиликтер да жок эмес. Менимче, идеология тарабы аксап жатат, эл дагы деле кайда, качан жана кайсыл жол менен бараарын толук аңдап биле элек. Ошондуктан коомчулукта болбогон маселелер боюнча деле карама-каршы талкуу көп жүрөт, улуттук биримдиктин толук камсыз болбошу сыяктуу маселелер бар. Бирок алдыда ушул маселелерге көңүл бурулат деп ишенем.