“Акыйкат” кыймылынын төрагасы Умар Анарбаев Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине 3 жыл болгонуна карата пикирин билдирди.
- Президентибиз Садыр Жапаровдун башкаруусундагы 3 жыл аралыгында, 30 жылда ишке ашпаган жумуштар аягына чыкты. Мен мунун так, кесе айта алам.
Азыр “Муз ордунан жылбаган” бир дагы тармак калган жок. Бардык тармактар боюнча алдыга жылуулар байкалууда. Мамлекеттин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду.
Мурда армиябыз ачык айтканда “Мышык ыйлай турган” абалда болчу. Азыр Орто Азияда күчтүү армияга айланды. "Акынжы" баш болгон заманбап аскерий техникалар менен камсыз болду.
Чек-ара посттору жаңыланып, аскерлерибизге баардык шарттар түзүлдү. Аскерлерибиздин айлык акылары 100 миң сомго чамалап барды.
Мугалимдердин айлыктарды да сезилерлик көтөрүлдү. Өлкө боюнча жаңы мектептер салынууда.
Былтыркы жылы эле 105 мектеп салынып ишке берилди. ГЭСтерди куруу маселеси да колго алынды. Талас облусундагы Киров суу сактагычына чакан ГЭС курулуп ишке берүү алдында турат.
Өзгөчө коррупция жана “каралар” менен болгон күрөш аёсуз жүрдү.
Анын натыйжасында мамлекетке миллиарддаган каражаттар кайтарылды.
Кыскасын айтканда, президентибиздин үч жылдык ишмердүүлүгү абдан эле жемиштүү болду.