Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине 3 жыл болду. Өлкө башчысынын бул убакытта жасаган иштери калк арасында кандай кабыл алынууда? Бул суроого жоопту Талас районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну, пенсионер Сабырбек Искеновдон алдык.
- Бүгүн Президентибиз Садыр Жапаровдун кызматка киришкенине туура 3 жыл болгон экен. Кыргызстандын баардык түйшүгү моюнуна илинген адамга бул аз эле убакыт. Ошентсе да, үч жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштер колго алынды.
Убада кылгандай, Кумтөрдү мамлекетке кайтарып, азыр ал эл үчүн иштей баштады. Айлык акылар жүз пайыз көтөрүлдү, жөлөк пул - пенсиялар жылдан-жылга көтөрүлүп жатат.
Жолдор жасалып, мектептер курулууда. Элдин ырыскысына кол салгандар менен күрөш мурда болуп көрбөгөндөй жүрүүдө.
Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон кайтарымсыз жөлөк пул таркатылып берилди.
Союз кезинен бери иштебей турган аэропорттор кайрадан ишке берилип жатат. Талас аэропорту да жакында ишке кирүү алдында турат. Бардык жакка тартип орноду.
Буга чейин мыйзам карапайым калкка эле иштечү. Азыр министрлер, депутаттар, сотторго чейин иштей баштады.
Бул элдин президентке болгон ишенимин жогорулатты.