Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 204

Бийлик коомдогу көп пикирдүүлүктү колдойт, бирок мамлекеттин кыйрашына алып келчү жоопкерчиликсиздик эркиндикке каршы. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирген. 

Өлкө башчы учурда кармалган 11 адам - "коомдо эки башка пикир болуп жатканы, айрымдар аларды мекенчил жарандар десе, кээ бирлер каржылык кызыкчылыкты көздөшкөн адамдар" деп сыпаттап жатканы тууралуу суроого жооп берген.

"Массалык башаламандыктарга чакырган адамды мекенчил деп айтууга болобу? Чынында, экинчи аспект – каржылык тарабы. Көбүнчө көз карандысыз журналист, блогер деп аталгандар ар түрдүү фонддордон, уюмдардан ж.б. гранттык каражаттарды алышат. Бир нече гана мисал келтирейин:

- factcheck.kg интернет-ресурсу (башкы редактору Болот Темиров) 2020-жылдан 2022-жылга чейин эле бир гана фонддон (NED – Демократияны колдоо боюнча улуттук фонду) жалпысынан 142 900 АКШ долларын алган;

- kloop.media ресурсу ошол эле Демократияны колдоо боюнча улуттук фондунан 585 900 АКШ долларын алган;

- ошол эле 2021-жылы бир катар БӨУлар жана көз карандысыз журналист катары аталгандар Демократияны колдоо боюнча улуттук фондунан 90 000ден 220 000ге чейинки АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражаттарды алышкан;

- жалпысынан kloop.media, "Медиахаб", kaktus.media, "ПолитКлиника", factcheck.kg, T-Media маалымат агенттиктери жана башкалар жыл сайын чет элдик донорлордон 600 000 АКШ долларынан жогору өлчөмдө гранттык каражаттарды алышат;

- жалпы алганда, 2017-жылдан 2020-жылга чейин Демократияны колдоо боюнча улуттук фонду кыргызстандык БӨУларга, журналисттерге жана блогерлерге 8 471 614 АКШ долларын которгон.

Бул гранттык каражаттар сөз эркиндиги, медиа коомчулукту колдоо, көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүү боюнча ж.б.у.с. долбоорлордун алкагында бөлүнүп жатканын түшүнүп турабыз. Бирок иш жүзүндө тийиштүү гранттык каражаттар өз максатына жумшалбай – бийликти жаман көрсөтүү, мамлекеттик бийликти каралоо, коомдун тынчын алуу, конституцияга каршы чакырык кылуу жана жалпысынан улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратуу саясаты жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары чет элдик булактардан тийиштүү гранттык каражаттарды алган кээ бир журналисттердин жана блогерлердин жеке баюу фактылары байкалууда. Мисалга алсак, кармалгандардын арасында кызматкери бар басылманын башкы редакторлорунун бири каржы булактарын конкреттештирбестен, акыркы жылдары эле бир катар кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Ушул сыяктуу мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтары менен ырасталган башка да көптөгөн фактылар бар. Ошондой эле тиешелүү билими же масс-медиада иш тажрыйбасы жок жакын туугандарын редакцияларга жумушка орноштурган учурлар бар. Кандайдыр бир үй-бүлөлүк-кландык формат келип чыгууда. Же «үй-бүлөлүк бизнес» дейли. Тактап айтканда, алар донорлорунун каражаттарын көзөмөлсүз жеке керектөөлөрүнө сарпташууда. Ошол эле учурда аларга кооздоп отчет жазып беришет, ал тургай балким алар грант алуучулары эмне менен алектенип жатканын билишпейт. Интернет-блогерлер акча үчүн укмуш сонун отчетторду бергенди гана билишет, а чындыгында алардын материалдарына эч ким ишенбейт. Кармалгандарды бошотуу талабы менен карапайым калктын ичинен эч бир адамдын чыкпаганы айкын мисал. Эл алар бийликти далилсиз жана жөнсүз каралоо менен өздөрүнө бөлүнгөн каражаттарды кантип иштетип жатканын түшүнүп турат. Балким, дал ошон үчүн кармалгандар өздөрүнө көңүл бурдурууну чечип, мындай өлкө мыйзамдарын бузган кадамга барышкандыр", - деген президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров коркутуп-үркүтүү менен сөз эркиндигине чекит коюу мүмкүн эместигин белгилеген. 

"Эч кандай коркутуулар жок жана болушу да мүмкүн эмес. Элибизди бир нерсе менен коркута алабызбы? Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар жана боло берет. Бир гана нерсе, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чөйрөсүн, биринчи кезекте улуттук коопсуздукту жөнгө салган мыйзамдарды сакташыбыз кажет.

Бүгүнкү күндө салттуу журналистика менен атаандашкан социалдык тармактар аркылуу коомдук пикирди калыптандыруу кадыресе көрүнүшкө айланды. Мындай шартта ар бир жаран журналист болобу, блогер болобу, коомго пайда алып келүү ниети менен бирге ар бир тараткан сөзү үчүн жоопкерчиликтүү экенин түшүнүүгө тийиш. Биз сапаттуу журналисттик иликтөөнү колдойбуз. Бирок блогерлер көпчүлүк учурда фактыларды бурмалоо, «бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» же манипуляциялоо менен алектенип, коомду адаштырып жатышат. Алардын материалдары божомолдор эмес, фактылар менен ырасталышы зарыл, алар ушак эмес, маалыматтарды камтууга тийиш.

Биз коомдогу көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин кыйрашына, атап айтканда, жоопкерчиликсиз эркиндикке каршыбыз. Биздин эркиндигибиз күзөттө туруп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошу абзел", -деген президент.