Пахтачы десеңер деле өз оюмду айтайын. Ташиевдин көлөкөсү мага тийбейт. Башкаларчылап бай-көпөстүн көлөкөсүндө оокат кылган эмесмин.
Мен мыйзамдуу өлкөдө жашагым келет. Мыйзамдын диктатурасын орнотом деген Ташиевди ар нерсеге аралаштырып күнөөлөгөндөрдү түшүнбөйм. Кыргызстан өнүгүш керек, элибиз мыкты болуш керек деп алдыга умтулган Ташиевдин кадамын артка тарткандарды ички душман деп эле бетине айтам. Ташиев каралар, уурулар, паракорлор менен күрөшүп жатат. Акылдуусунуп сынагандан көрө жардам бербейлиби?
Толтура имараттарды куруп жатат, базардагы ижара акы төмөндөдү. Кыргыздын канын ичкен ломбарддар ачыкка чыгып кечирим сурап башташты. Ташиевдин сүрүнөн корккон текебер чиновниктер эл менен эсептешип калды. Жалганбы?
Бул жаманбы? Мыйзамды уруп ойнобой, жалаң таанышы менен баарын танк үстүндө тебелегендерден азап жеп жүрдүк эле го. Аны унуттукпу? Желмогуздун чоңунан эмес кичинеси коркунучтуу дегендей орто жана кичи чиновниктердин запкысын жеп, адилеттүүлүккө жетпей эле ыйлап жүрчү элек го. Андай болгон эмеспи?
Мыйзамды иштетем, адилеттүүлүк орнотом деген Ташиевке жардам бере албасак да тартипке келтрип жатканда жолтоо болбой эле койбойлубу? Кандай дейсиңер?
Эми Арстан Алай жөнүндө. Жаткан жери жайлуу болсун...Кудайым пендечилик менен кетирген каталарын кечирсин...
Арстан Алай кандай берене менен камалганын унутуп коюп эле УКМКны күнөөлөгөндөрдү түшүнбөйм. Ал киши уюштуруп алган "сектада" жалаң кыз-келиндер болгону элде айтылып жатат. Ошол кыздардын ата-энелери арыз жазган. Интимдик катнаш жөнүндө сөз болуп жатат. Андай берене менен камалгандарды темир тор артында эмне кылаарын баарыбыз эле билебиз го. Балким ошонун артын ойлоп өзүнө өзү кол салгандыр. Кыскасы, азыр териштирүү жүрүп жатат. Маркумдун балдары да "эксперт эмеспиз, текшерүүнүн жыйынтыгын күтө туралы" деп айтышты. Ошо, баарыбыз күтөлү. Ага чейин эки жаат болуп бөлүнбөй, бири-бирибизди каргабай, урушпай тынч отуруп туралы.
Мыйзам бекем сакталган өлкөдө жашагың келсе тартипти сактап, тазаланууга аракет кылалы.
Алтынай Арстанбекова, журналист