Курултай болду, анын эртеси болду. Негизинен улуттун Улуу жыйыны болгон курултай тынч жана демократиялык принципте өттү. Мамлекетибиздин ар кайсы регионунан эл тарабынан шайланып келген делегаттар көйгөйлөрдү көтөрүшүп, ичтериндеги максаттарын ачык айтып алышты.
Ошонун ичинде эл арасында талкуу болуп жаткан туу боюнча айтылып, президентибиз Садыр Нургожоевичтин суранычы менен чекит коюлду. Жалпы делегаттар кол чабуулар менен колдоп беришти.
Бул деген өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн келечегине жасалган кадам болду.
Бийлик менен элдин максаттары бир экенин билгизген, бири-бирибизге эриш-аркак болуп,
улуу жолго аттангандын белгиси.
Бардык нерсени диалог менен чечсе болоорун даңазалашты.
Урматтуу эл-журт!
Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгүп бара жатканын көрүп жатабыз, ал эмес курултайда президентибиз Садыр Нургожоевичтин отчетунан да уктуңуздар. "3-4 жылда дүйнөнүн өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кошобуз", - деп жалындуу айтты.
Ушундай жалындуу сөздөргө, кыялдарга, аракеттерге тоскоол болбой ар тараптан колдоо кылып турсак.
Илгери токтоп турган танканы өрттөп салып кыйын болчу элек, азыр мамлекеттин танкасы жүрүп баратат, жүрүп бараткан танканын алдынан чыга калып болоор-болбос нерсе үчүн тепселенип калбагыла, туугандарым.
Иш жүргөн жерде кемчилдик сөзсүз болот, ошол кемчилдикти көрүп калсаңыз кыйкырып чыга калбай, альтернативалык сунушуңуз болсо кайрылсаңар баары кабыл алынат.
Анан да өлкөдө кандайдыр бир нерсе болсо, же кимдир бирөө кемчилик кетирсе, чал-кемпирлерибиз каргап-шилегенди, жаштарыбыз сөгүнгөндү адат кылып алышты.
Бийликтин же кимдир бирөөнүн жасап жаткан эмгектерин көрбөгөн көөдөнү сокур, бир ооз жакшы сөзү жок, ичи тар, көрөалбас, калыс сөзүн айтканды "пахтакор, арзымат, кошоматчы", айткысы келип турса да пахтакор, кошоматчы ж.б. дейт экен деп жалтаңдаган жосунсуз, караңгы коом пайда болду.
Бул деген келечек муундун, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө коркунуч жаратат. Булар менен да аёсуз күрөшүү учурдун актуалдуу маселеси.
Ак батасын берип, жасалып жаткан иштерди көрүп, жакшы сөзүн айтып коюуунун эмнеси пахтакор, эмнеси арзымат, эмнеси кошоматчы? Бул деген кең пейилдик, көөдөнүндө көрөңгөсү бар кеменгерлик, акылмандык деп билем.
Ошондуктан, кадырлуу кыргыз элим!
Азыр өнүгүү жолуна түштүк, ушул учурда
- бири-бирибизге сый-урмат менен мамиле кылууну;
- бийликтин же кимдир бирөөнүн ийгиликтерин баалоону;
- көрөалбастыкты, ичи тардыкты токтотууну;
- каргыш, сөгүнүүгө мораторий киргизүү жб негатив,арам ойлорду токтотууну сиздерден суранып да, сунуш да кыламын.
Акыркы 30 жылда каргыш, көз жаш, сөгүнүү менен жашап өзүбүз жыргабадык же башканы жыргатпадык. Бата менен сугарбай, каргыш менен чириттик. Анын ордуна "бата менен эл көгөрөт"деп ата-бабалар айткандай бата берүүгө, жакшы сөз айтып алкап чаап бараткандарды кубаттап, сүрөсөк деген асыл ойлорумду айткым келди.
Өсө турган эл өзүн мактайт дегендей, негатив нерселерди токтотуп, мен сунуштаган ак бата берүүгө өтсөк, батага сугарылган элден өлкөбүздү алдыга сүйрөй турган эр-азаматтар чыгат. Биз дагы өнүккөн, гүлдөгөн Кыргызстанда жашагым келет деген кыялдар орундалат.
Шүкүрбек Эркебаев