Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 276

Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайта президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кол тийбестик макамын берүүгө муктаждык жоктугун айтты. 

Курултайдын делегаты Элнура Жуманова Камчыбек Ташиевдин коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго өз өмүрүн тобокелге салып күрөш жүргүзүп жатканын белгилеп, анын коопсуздугу үчүн кол тийбестик макамын берүү маселесин көтөргөн. 

Бирок өлкө башчы эч кандай коркунуч жоктугун билдирди. 

Ошондой эле үчүнчү күчтөр тууралуу оюн айтты. 

"3-күчтөр болуп келген жана боло берет. Бирок биз коркпойбуз. Эл колдоп турсаңар эле үчүнчү күчтүн колунан эч нерсе келбейт. Биз алардын ким экенин, артында кимдер тураарын жакшы билебиз. Жакында угуп каласыңар", - деди Жапаров.