Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 410

"Өлкөнүн өнүгүүсү – бул саясий биримдиктин күчү! Биз «катаал», ошол эле учурда «ырааттуу» саясатты улантып кете беребиз. Былтыр курултайда айттым эле: “Бир өлүмдөн, бир салыктан кутула албайсыңар”, – деп. Быйыл да кайталайм. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн салык – өнүгүүнүн өзөгү. ЭСФ, ЭТТН, ККМди киргизүү боюнча фискалдык саясат улантылат. Президентибиз даярданууга базарларга убакыт берди. Контрабанда, контрафакт кескин кыскарат. Баары иретке келүүгө тийиш!
Президент кадрларга иштөөгө толук мүмкүнчүлүк берүүдө. Мурункулардай болуп “уулум же кызым эле кыйын” деген ниети жок. Баарыбыз Манастын кырк чоросундай күчтүү команда болуп иштеп жатабыз. Биз пландардын баарын толугу менен ишке ашырабыз.

Ынтымак бекем болсо – мамлекет күчтүү! Ынтымак болбосо, эл таруудай чачырап, “миң да болсо кырылат, пил да болсо жыгылат”, элдин байлыгы да, көптүгү да, баатырдыгы да – түккө турбай калат.

Урматтуу калың журт, биримдик, ынтымак, акыл-эс, билим жана күчтүү саясий эрк – азыр мунун баары бизде бар!
Бар болуңуздар, бай болуңуздар, бактылуу болуңуздар", - деп айтты Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн Элдик курултайда.