Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 276

"Коррупция менен күрөшүү – бул бир жолку аракет эмес, бул туруктуу аракет!" - деди Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда.

"Коомдун бардык деңгээлдеринде коррупциянын алдын алуу үчүн биз дайыма сак болушубуз керек. 
Цивилизациялуу мамлекеттин дагы бир маанилүү көрсөткүчү – уюшкан кылмыштуулуктун жоктугу. Кылмыш элементтери бар өлкөгө бир дагы инвестор инвестиция салбайт. Мындан тышкары, айрым аткаминерлер тарабынан дагы деле инвесторлордун ишине тоскоолдук, паракорчулук, лоббизм байкалууда. Бул көрүнүштөрдүн баары өлкөнүн имиджине зыян келтирет.
Ошого байланыштуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт!" - деп белгиледи мамлекет башчы.