Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда элдин ынтымагына доо кетирүүнү каалагандарга эскертүү берди.
Ал улуттук биримдикти, улуттар аралык мамилени жана ынтымакты бекемдөө, диндер аралык толеранттуулукту жогорулатуу, экстремизмдин алдын алуу мамлекеттин бардык кызматтарынын эң негизги милдеттеринин бири болуп саналаарын белгиледи.
"Мен бул тапшырманы бүгүн да кайталайм. Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер же дагы бирөө элибиздин биримдигин жана ынтымагын бузса, ал мыйзам чегинде жазаланат. Анын статусуна жана ээлеген кызматына карабайбыз. Мен Кыргызстан элинин ынтымагын жана биримдигин бузууга эч кимге жол бербейм", - деди президент.