Бишкекте президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен түзүлгөн Элдик курултай экинчи жолу өтүүдө.
Ага өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 700 делегат катышып жатат. Төрагалыгына Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Катышуучулардын 143ү аял жана 551и эркек кишилер экенин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.
Ал эми жаш курактары боюнча, 14 делегат 18-30 жашта, 334ү 30-60 жашта, 341и 60-80 жашта, бирөөсү 80 жаштан улуу.
Билим деңгээли боюнча, 494 делегаттын жогорку билими бар, 16 делегаттын мамлекеттик сыйлыктары, илимий деңгээлдери бар. 200 делегат атайын орто жана жалпы орто билимдүү.
154 делегат билим берүү жаатында иштесе, саламаттыкты сактоо жаатынан 19, айыл чарба - 56, маданият - 9, курулуш - 29, юриспруденция - 56, экономика жана финансы - 87, кен байлыктарын иштетүү - 5, башка кесиптин ээлери - 209.
Делегаттардын 30у этникалык топтордун өкүлдөрү болсо, 30у башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттардан.