Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 349

Кыргызстандын базарларында соода кылган соодагерлер ККМдин милдеттүү түрдө орнотулушуна каршылык көрсөтүп, митингге чыгышты. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышкан. 

Президент Садыр Жапаров "Дордой" базарындагы митингге чыккан соодагерлерге барып жолугуп, ККМдин өлкө экономикасындагы орду канчалык экенин түшүндүрдү. Аны менен катар патент системасын келерки жылдын 1-июлуна чейин калтырып, бул убакыт аралыгында соодагерлерге тийиштүү кызматтар түшүндүрүү иштерин жакшыртышы керектигин айтты. 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ири базарлардын ээлеринин кирешеси чоң экенин жана аны жашыруу максатында ККМге катардагы соодагерлерди каршы тукуруп жатканын билдирген. 

"Кайсы өлкөнүн президенти базарга барып соодагерлердин көйгөйлөрүн угуп жатат? Биздин анча-мынча маданиятсыз адамдарыбыз президентке башкача сөздөрдү сүйлөп жатышат. Биз президентибизди баалап, элге кам көрөм деген аракетине колдошубуз керек", - деди Камчыбек Ташиев. 

Ошондой эле, ал ири базарлардын ээлеринин ысымын ачыктады, алар: Аскар Салымбеков, Мелис Мырщакматов, Турсунтай Салимов, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чолпон Султанбекова ж.б.