Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 491

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышуу үчүн иш сапары менен барат. 

 

Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

"БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат.

 

1-декабрда Садыр Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

 

2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

 

Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого Мамлекет башчысы катышып, ошону менен аяктайт", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.