Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 417

Жамааттык коопсуздук келишим уюму 2024-жылы Кыргызстан, Казакстан жана ткжистанда машыгуу өткөрүүнү пландап жатканын Москвадагы брифингде ЖККУнун бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров маалымдады.

Айтымында, 2024-жылга планда жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия аймагына басым жасалган.

Сидоров Кыргызстанда ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөр, Казакстанда тынчтык орнотуучу контингенттер, Тажикстанда Борбор Азия регионунда ыкчам жайгаштырылган күчтөр менен машыгууларды өткөрүү пландалып жатканын тактады.

Ошондой эле ал машыгууларды өткөрүүнүн мөөнөтүн жана ордун айтуу азырынча эрте экенин билдирип, бул маселелер 2023-жылдын декабрында талкуулана баштай турганын кошумчалады.

Ал кошумчалагандай, ЖККУ Афганистандан келип жаткан террордук коркунучту ооздуктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Кеп аскердик коркунуч жөнүндө эмес, Ооган жетекчилигинин бир катар чек ара аймактарын көзөмөлдөбөгөнүнөн келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө болуп жатканын баса белгиледи.