Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 238

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов кыргызстандыктарды 19-ноябрда митингге чыгууга үгүттөгөн чакырыктар тууралуу пикирин "Вести" сайтына билдирди. 

Ал митингдин кооптуу жагы да бардыгын эске салып, эгерде ага маргиналдар аралашып кетсе, миң тынч митинг өткөрүү ниети болгон күндө дагы ал башаламандыкка жана мародерчулукка айланып кетээрин белгилеген. 

"Мен Конституциябызда кепилденген тынч митингдерге каршы эмесмин. Бирок "Кетсин" деген чакырык негизсиз айтылган учурда жана бийликти алмаштыруу сунушталганда, болгондо да күч менен, мындай примитивдүү нерселерге кошулбайм. Ушул сыяктуу лозунгдардын алдында ар кандай адамдар чогулат, ошол эле маргиналдар дагы. Жыйынтыгы эмнеге алып келээрин бир нече жолу көргөнбүз. Биринчи тынч жүрүш болот дагы, башаламандык менен мародерчулукка айланат.

Мындай учурда өлкөдөгү жана коомчулуктагы улуттук коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылууну укук коргоо органдары колго алышы керек. Провокаторлорго чечкиндүү чараларды көрүү зарыл.

Буга чейин болгон митингдер учурда боло турчу митингден айырмаланат. Анда кырдаал башка болчу. Учурдагы бийлик Акаев, Бакиев, Жээнбеков сыяктуу олуттуу ката кетире элек. Ошондуктан митингге чыгууга негиз жок. Массалык башаламандыкка чакыруу - таза провокация.

Бийлик жана анын аракети тууралуу айтсам, ал кимдир бирөөгө жагат же жакпайт. Кемчилик бар. Бирок бул боло жүрчү нерсе - ар кайсы саясатчыны сынга алышат, бизде да, чет өлкөлөрдө дагы: Байденди, Макронду, Путинди же Назарбаевди. Бул нормалдуу көрүнүш, калктын 100 пайызы тең кайсы бир нерсеге ыраазы болушу мүмкүн эмес. Ким иштебесе, ошол гана жаңылбайт деп айтса болот. Суроо жараткан иштер бар, бирок алар тынчтык жолу менен чечилип жатат", - деген Феликс Кулов.