Президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз Саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Палестина элинин көз карандысыздыкка болгон укугун белгилеп, адамдарды өлтүрүүнү токтотууга чакырды.
“Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр.
Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз.
Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келди, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа.
Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрү кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш.
Жарандык инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга жана турак жайларга тандоосуз кол салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу гана эмес, адам укуктарын да олуттуу бузуу болуп саналат”, - деди Садыр Жапаров.