Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 102

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгына келди.

Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын эл аралык аэропортуна конду. 

Президент Садыр Жапаровду Ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз  -  Эр-Рияддын Губернаторунун орун басары тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда.