Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ошол эле күнү Президент кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.
А. Жунушалиев Бишкекти 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин башкарган. Кийин ал президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул кызматты аркалап келаткан.