Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 491

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкө башчыларынын кийинки жыйыны 2024-жылы октябрда Москвада өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкө башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин билдирди.

Ошондой эле жыйындын кеңейтилген курамында КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев 2024-жылдын 1-январынан тарта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарына төрагалык кылуу Россия Федерациясына өтөөрүн айтты.

2024-жылы Россия Федерациясы бир эле учурда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинде, Өкмөт башчылар кеңешинде, Тышкы иштер министрлер кеңешинде, Экономикалык кеңеште, Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөр кеңешинде - Шериктештикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Шериктештиктин уставдык жана башка органдарына, ошондой эле КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссияга төрагалык кылат.