Президент Садыр Жапаров Владимир Путиндин расмий сапары боюнча маалымат каражаттарына билдирүү жасады.
Ал мындан беш ай мурда Москвага болгон расмий сапарынан кийин орус президенти жооп иретинде сапарга келгенин белгилеп, бул эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын бекемделип жатканын кабарлай турганын айтты.
Ошону менен катар Москва шаарында эки өлкөнүн президенттери кабыл алган келишимдер учурда ишке ашып жатканын белгиледи. Аны менен катар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү эки өлкөнүн потенциалына туура келбей турганын да билдирди.
"Биз товар жүгүртүү биздеги потенциалга туура келбейт деген пикирге келгенбиз. Ага байланыштуу эки тараптуу товар жүгүртүүнү алдыда амбициялык деңгээлге, 5 миллиард доллар көлөмүнө чыгарууну макулдашканбыз", - деди Жапаров.