Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 328

- Коңшу өлкөнүн өткөн жылдын сентябрь айында агрессиялык аракеттери Кыргызстанга чоң материалдык, моралдык зыян алып келди, жарандар каза тапты, турак жайлар жана башка имараттар өрттөлүп, талкаланды. Келечекте ушундай окуяларды болтурбоо үчүн Кыргызстан өзүнүн чек арасынын, аймагынын бүтүндүгүн жана коопсуздугун бекемдөө боюнча зарыл чараларды көрүп жатат. Аны коңшуларыбыз жакшы билишет жана кабардар болуп турушат.

Боордош элдердин тынчтыгы жана бейпил турмушу үчүн мамлекеттерибиздин ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бүтпөй келген сүйлөшүү процесстерин аягына чыгаруу зарыл. Бул багытта эки өлкөнүн президенттери активдүү биргелешкен аракеттерди көрүп жатышат, жакында эле Душанбедеги жолушугууда бул маселеге дагы бир жолу басым жасашты. 

Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек ара маселеси боюнча комиссиянын төрагасы катары биздин бир катар жерлерибиз бир убактарда коңшу өлкөгө өтүп кеткенин тастыктоочу жаңы документтер табылганын жана комиссиянын мындан аркы сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө зарылчылдык жараса ал документтер ачыкка чыгарылаарын жакында билдирди. Тарыхый, архивдик жана башка маалыматтагы жаңы документтердин пайда болушу жана аны тараптардын өзүнүн позициясын ырастоо жана бекемдөөгө колдонуусу толук кандуу нормалдуу көрүнүш. Бул документтердин баалуулугун жана маанилүүлүгүн жолдоштук, достук кырдаалда эки өлкөнүн комиссия төрагалары аныкташса болмок. Тажикстандын ТИМи тарабынан демаршка чейин көтөрүп, мамлекеттер аралык казуска жеткирүүнүн кереги жок эле.

Болуп жаткан окуялар чек ара маселесин жакынкы убакытта чечип, жарандарга тынч жашоону камсыздоо, биздин элибиздин жана мамлекеттерибиздин ортосундагы коңшулук боордоштук, достук  мамилени калыбына келтирүү зарылдыгын дагы бир жолу тастыктады.