Кечээ, 15-сентябрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасы өттү. Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, "Кыргызстан жаңы документ тапканын, ага ылайык айрым кыргыз жерлери Тажикстанга карап калганы белгилүү болгонун, эгерде коңшу өлкө бизге койгон дооматтарынан баш тартпаса, бизде да аларга доомат коюу мүмкүнчүлүгү бардыгын" белгиледи.
Бул боюнча коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков пикирин мындайча билдирди:
"УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча жасаган билдирүүсү коомчулукта чоң резонанс жаратты. Ал боюнча мен бир топ адамдар менен пикир алыштым. Бардыгы тең Ташиевдин билдирүүсү өз учурунда жана абдан күчтүү болгонун белгилеп жатышат. Эми бул саясий билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаттары колго алып, аны укуктук талаада бекемдеп, керектүү чечимдерди кабыл алышса, анда алар өлкөбүз үчүн тарыхый иш жасап беришет эле".