Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 2256

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бири, Адахан Мадумаровдун чын дилинен берилген жактоочусу, аталган партиянын Москва шаарындагы лидери  Эмил Жайчиев “Супер ТВ” телеканалына берген маегинде Адахан Мадумаров тууралуу кеп козгогон. Белгилей кетсек, Жайчиев “Бүтүн Кыргызстандын” депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинде турат, кезеги абдан жакын, дагы 2-3 депутат кетсе, алардын ордуна келип калуу мүмкүнчүлүгү жогору.  Бирок ушундай берилген тарапташ Мадумаровдун текеберчилигине көзү жеткенин белгилеген.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн арасында камакта отургандары, тергөөдө жүргөндөрү, ал турмак Кыргызстанга келе албай качып жүргөндөрү да бар. Мисалы, мен эки жылдан бери эми келдим. Келбей койгонго болбоду. Санаалаштарым абакта отургандарына чыдай албадым. Москвадан кармалып келген Эмил Бекиев чын жүрөгү менен “Бүтүн Кыргызстанга”, андан шайланып келген депутаттарга ишенген, жүрөгүнөн чыккан сөздөрдү сүйлөгөн. Ал сөздөр туурабы, туура эмеспи – экинчи маселе. Ошол бала камалганына бир жылдан ашып калды. Орозайым Нарматова дагы Москвадан алынып келинген. Мына, ушулардан улам партиянын ичиндеги абалды айтпаса дагы түшүнүктүү.  “Ишенген төөм сен болсоң...” дегендей болуп калды. Мен “Бүтүн Кыргызстандын” биз тандаган депутаттары мигранттарга жардам берет десем, булар адамдын тагдырына кайдыгер карашабы, бизге берген убадасынан тайыштыбы же унутуп калыштыбы же амал эле керек беле... Амал эле керектей сезилип калды мен үчүн...” – деген Жайчиев.

Айтымында, партия мүчөлөрүнүн кармалышына лидер Адахан Мадумаров тарабынан эч кандай реакция болгон эмес. Аларды абактан чыгарууга, ырайым алууга башка мүчөлөр тарабынан фракция лидерине жана депутаттарына бир нече ирет сураныч, кайрылуу жасалган, бирок эч бири кебелген эмес.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттарынын бири да ооз ачышпады. Орозайым мандатын алдырганда да “Конституциялык сотко кайрылабыз, бул мыйзамсыз болду” деп убада беришкен, аны да аткарышпады. Абакта отурган балдар боюнча да кайрылабыз, суранабыз, айтабыз дешкен, ал да болбоду. Мындан улам ушундай ой жаралат: “Бүтүн Кыргызстандын” лидери партияны өз кызыкчылыгы үчүн эле иштеткендей. Лидер деген кандай кырдаал болбосун жаштарды алдыга чыгарып коюп, өзү артта турбайт, жаштардын колу менен чок карматпайт. Лидер дайыма алдыда болууга тийиш.

Мисалы, бир канча жыл мурда Садыр Жапаров абакта отурган кезде, орозо маалында Камчыбек Ташиев президентке кайрылып, “Аллахтын алдында кечирип коюңуз, сиз ар бир кыргыз жаранынын президентисиз, менин досумду кечирип, чыгарып бериңиз”, - деп көзүнө жаш алып кайрылганын билебиз. Өзүнүн партиялаштарына ушундай болуп жүрөктөн күйүш керек. Кайсы партия, айырмасы жок – биринчи кезекте адамдык касиет болушу керек. Саясатты ары калтырып, адам тагдыры менен ойнобош керек”, - деп белгилеген Эмил Жайчиев.

Ал “Бүтүн Кыргызстандын” урааны – “ыйман, мыйзам, тазалык” болгонун эске салып, парламентке барган топтун аракетинен так ушул башкы сапататтарды партиянын башка мүчөлөрү күткөнүн, бирок анын бири дагы акталбаганын, баары теңирден тескери кеткенин билдирген:

“Ыйман деген сөз текерберчиликти, баш ийбегендикти, баары-жокту четке кагууну түшүндүрбөйт. Ыйманды карманса, санаалаштарын абактан чыгарууга аракет жасоо керек болчу. Жасап жаткан иштеринен “Бүтүн Кыргызстандын” депутаттарынан ыйманды таппай калдым. Тазалык да, мыйзамды да таппай калдым... Бүгүнкү күндөгү кабылган абалыбыз ушул.

Кемпи-Абад боюнча кармалгандардын арасында биздин да мүчөлөрүбүз бар. Андан бери бир нече соттук процесс болду. Мен ал тууралуу Москвада жүрүп, ММКлар аркылуу кабардар болуп жаттым. Ошондо соттук процесстен бирөөсүнө гана Адахан Мадумаров барып катышты окшойт. Башка учурда фракция лидери дагы, депутаттары дагы бирөөсү барып үн катып, моралдык колдоо көрсөтүп коюшкан жок. Мадумаровду бул жөнүндө эч нерсе айтпай койду дей албайм, айтып жатты, бирок жалпы айтып жатты. Жалпы деген башка нерсе, өзүнүн партиясынын мүчөлөрү тууралуу айтуу керек эле да. Башка партиялардын лидерлери ушундай кырдаалга кабылган партия мүчөлөрүнө моралдык дагы, материалдык дагы колдоо көрсөтүп жатышпайбы... Эмнеге ушундай мамиле жасап жатканы бизге да түшүнүксүз болуп калды. “Мен депутатмын, мен лидермин, мен текебермин, менин деңгээлим башка, андай деңгээлге түшпөш керек” дегендик болуп жатса, анда биз лидерден адашыптырбыз”.

 “Бүтүн Кыргызстандын” камалган мүчөлөрүнүн маселесине лидер жана депутаттар тарабынан эч кандай реакция болбой, бул улана берсе, партиянын келечеги кандай болушу мүмкүн? Бул суроого Эмил Жайчиев төмөнкүдөй жооп узаткан:

“Биз, адамзаты айсбергдин үстүн гана көрөбүз, алдын көрбөйбүз. Азыр бизге көрүнүп турган “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы. Лидер деген менин түшүнүгүм боюнча, такыр башка нерсе. Азыр фракцияда 16 депутат болсо, алар эки-үчкө бөлүнүп кетишкен. Айгүл Айдарова менен Алишер Эрбаев фракцияга баш ийишпейт. Лидер деген ошол депутаттарды “кызым, балам, иним” деп чакырып, “келгиле, ынтымакта иш алып барып, бир чечимге келип, элге кызмат кылалы, элге убада берип келгенбиз, элдин кызыкчылыгы биринчи орунда турат”, - деп чогултушу керек эле да. “Жакшы сөз жыланды ийинден чыгарат” дейт. Жакшы сөз сүйлөсө, депутаттар дагы ынтымактуу болот болчу. “Менмин, мен айтам, мени угуш керек” деген болбошу керек да. Андан башкалар дагы депутат, жаманбы – жакшыбы, 300 добушпу же 500 добуш алып келдиби, айырмасы жок да, мыйзамдуу түрдө депутат болуп шайланды. Депутаттар менен дагы тең ата сүйлөшүү керек. Ынтымакка алып кел. “Бүтүн Кыргызстандын” жүз миңдеген колдоочулары бар, алар эмес, беш депутатыңды ынтымакка чакырып ал. Беш депутатыңды бир чечимге келтирип ал. “Жок, менин деңгээлим ал эмес” дегендей сезилип жатат. Андай болсо, аны “текебер” дегендердин сөзү чын чыгып атпайбы. “Аны менен сүйлөшпөйм, тигини менен мамиле кылбайм” деп текебер болуп... Маанилүү чечимдерди жамаат менен чечиши керек да. Фракция ыдырап кетип жатпайбы. Лидер деген мындай болбойт”.