Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 383

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйыны өтүп жатат.

Жыйынга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

Жолугушууда тараптар буга чейин кызматташуунун жогорку деңгээлинде жетишилген бир катар маселелерди талкуулашат. Тараптар ошондой эле Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушун, Камбар-Ата ГЭСин куруу долбоорлорун талкуулашат.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактарда кызматташуу маселелери каралат.

Күн мурун Абдулла Арипов баштаган өзбек делегациясын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алган.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясы 1996-жылы түзүлгөн.