Бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өттү. Анда мамлекет башчы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган чек арачылардын жана курман болгондордун артында калган үй-бүлөсүнүн абалын Чек ара кызматынын жетекчисинен сурады.
"Кандай коркунучта болбосун, чек арачылар көкүрөгүн тосушууда. Негизги аскер күчү келгиче жергебизге душман буту басып кирбеши чек арачылардан көз каранды. Ошондуктан Чек ара кызматынын жетекчилиги күн сайын, мүнөт сайын чек арасылардын сак, кыраакы, сергек болушун жакшыртуунун үстүндө иш алып барууга тийищ. Өздүк курамдын сапатын жакшыртуу гана эмес, согуштук курал-жарак жана аскер техникаларынын бардык түрүн колдоно билишине жетишүүңөр керек. Кандай чыгым керек болсо, биз таап беребиз.
Баткендеги окуяда курман болгон чек арачылардын үй-бүлөсүнө тиешелүү кенемте төлөнүп берилдиби, жардамдар көрсөтүлүп жатабы? Ар кандай жараат алган чек арачыларга жардам берилдиби?" - деди Садыр Жапаров.
Чек ара кызматынын жетекчиси курман болгон аскерлердин бешөөсүнүн үй-бүлөсүнө гана төлөнө электигин, анын тиешелүү документтери учурда топтолуп жатканын, ал соңуна чыкса төлөнөөрүн билдирди. Ошондой эле, жаракат алган чек арачылардын 10уна төлөнбөгөнүн, анткени жеңил жараат алгандарга төлөм мыйзамда каралбаганын белгиледи.
"Жеңил жараат алгандарга да тиешелүү жардам көрсөтөлү. Мыйзамда каралбаса, бюджеттен бөлүнбөсө, башка булактардан таап берели. Эл үчүн, мекен үчүн төшүн тоскондордон эч нерсе аябашыбыз керек. Алар элге, мамлекетке кандай мамиле жасаса, биз алардан 10 эсе ашып жакшы мамиле кылышыбыз кажет", - деди өлкө башчы.