Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 263

Бүгүн, 13-июнда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коопсуздук маселесин бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ага байланыштуу президенттин алдында күч структураларынын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды койду. 

"Коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп баштады. Мурдагы менен азыркы коргоо жаатынын айырмасы чоң. Ошол эле убакта Коргоо министрлигине бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү колдонууну камсыз кылуу керек. Силер тараптан берилген ар бир сураныч президент Садыр Нургожоевич, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан аткарылып жатат. Өтө көптөгөн каражаттар бөлүнүүдө. Ошол каражаттардын натыйжалуу пайдалануудагы жоопкерчиликти силерден талап кылабыз.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин ичиндеги жеке курамдын тартибин күчөтүү зарыл. Айрыкча Коргоо министрлигинин ичиндеги.

Андан тышкары Чек ара кызматы боюнча кошумча инфраструктураларды дайындоо маселесине көңүл бургула. Чек ара бекем болуш үчүн дагы кайсы жерге кошумча заставаларды куруу керек? Бүгүнкү инфраструктура жетишеби же кошумча керекпи, аализдеп беришиңиздер керек", - деди Камчыбек Ташиев. 

Ошондой эле Коргоо министрлиги Чек ара кызматы менен биргеликте, кооптуу аймактарда кызмат кылган милиция бөлүктөрүн атайын даярдыктан өткөрүү керектигин белгиледи. 

"Аларды даярдыктан өткөрүп, өзгөчө кырдаал түзүлгөн маалда керектүу техника, курал-жарак менен камсыздоого азыртадан камылга көрүш керек. Ошондой бөлүктөгү милиция кызматкерлери ар кандай кырдаалдарда чек ара жана коопсуздук кызматкерлериндей эле катышып жатат, бирок курал-жарак, техника менен камсыздалбай калышат", - деди Ташиев.