Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 212

- Ибрагим агай, Кытайдын башчысы  Сиань шаарындагы иш-чарада биздин президентке өзгөчө көңүл бурду. Кытай мамлекети бул нерсе менен эмнени билгизди?
 
- Кытайдын Сиань шаарына Борбор Азиядагы  беш президент барды. Биздин президенттин дагы барганы абдан жакшы болду. Күтүп алуулар дагы жогорку деңгээлде болду. Кытай мамлекети бул нерсе менен бизге оюнун түздүгүн көрсөттү. 

-Башка мамлекеттерге кредитке каражат берсе, бизге грант берди. Аны да ар ким ар кандай болжоп жатышат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Кыргызстанга кайтарымсыз каражат катары  берилип жаткан сумма менен дагы Кытай мамлекети  Кыргызстанга көз карашынын түздүгүн  көрсөттү. Ошондой эле президенттердин мамилелерин да көрсөттү. Негизи мындай маселелер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жана тар чөйрөнүн алкагында чечилет. Демек, тар чөйрөдөгүлөр дагы ийгиликтүү иштеп, ушундай жетишкендиктерге жетишти.

- Эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-темир жолу курулаарына ишенсек болобу?

- Кытай-Кыргызстан-Темир жолун куруу боюнча былтыр эле кол коюлуп, ишти баштай турган болушкан. Бу маселе кээ бир техникалык себептерден гана кармалып калган. Буюрса, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Анткени, Кытайдын, Кыргызстандын, Өзбекстандын дагы кызыкчылыктары бар. Болгону, Кытайдын темир жолу башка стандартта, Кыргызстандыкы башка стандартта болгону үчүн гана маселе жаралышы мүмкүн. Ал маселе дагы чечилет. Негизи көбү чечилип калган.

- Сиздин оюңуз боюнча Кытайдын кайра жүктөө базалары кайда курулушу керек?

- Кытайдын кайра жүктөө базаларын  Кыргызстан менен кытайдын чектеш жерлерине курса туура болот. Анткени, кайра жүктөө базасына Кытайдын ишкерлери да, жумушчулары да келет. Ошон үчүн кайра жүктөө базасын калк көп жайгашкан жерге эмес, чек ара менен чектеш жерге курганыбыз оң.